Жаш мугалимдер семинары
.
“Англис тилинин бир айлыгы”
English songs”.I love dance ( ыр жана бий) боюнча сынак өткөрүлдү. Англис тили бир айлыгы жыйынтыкталды жана чоң концерт өтүлдү.Ошондой эле жеңичүүлөр аныкталып тизимде мактоо баракчалары берилди.
БИЗДИН МЕКТЕП СИЗДЕРДИ НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!
Жаркыраган жаз менен, эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди.Нооруз майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы. Нооруз-жаңы башаттардын башталышы. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, түшүмдүүлүктүн көп болушун тилегендей биз да Нооруз майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз. Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, улуу Нооруз күнү жаралган таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн. Ылайым ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин. Ар бирибиз үчүн бул жыл бактылуу жыл болсун. Ынтымакчылыктын, бекем достуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун. Дайыма жүзүңүздөр жарык, маанайыңыздар шат болсун.Тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын.Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Район аралык "Манас таануу" интеллектуалдык таймашы боюнча 3- орунду алдык
"Манасчы" сынагынан Жайыл району боюнча 2- орунду Бекбосунов Байэл алды
"МАНАС ТААНУУ" ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ
Кара-Балта шаары СШ №4 орто мектебинини мугалимдери
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору! Биз чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Урматтуу муглимдер, майрамыңыздар менен!

Новости

Мы в цифрах

50
ЖЫЛ
3000
ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ
750
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР (ЖЫЛЫНА)
3500
КИТЕПТЕРДИН САНЫ